Дагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн суррогат энеликке тыюу салууну сунуштадыКыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койдуКыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталуудаМамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктадыКыргызстанда күн сайын рактан 10го жакын адам каза болот — депутатКыргызстанда «боз сертификаттарга» көзөмөл күчөтүлөт
ЕАӨБ Кыргызстандын транспорт тармагына 12 млрд доллар инвестиция салат
11.08.2025 | 14:30

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын транспорт тармагына 12 млрд доллар инвестиция саларын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул каражаттар өлкөнүн евразиялык транспорт тутумундагы позициясын бекемдөө максатындагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталат.
Азыркы учурда Кыргызстанда темир жолдорду өнүктүрүүгө 4 долбоор жана автожол тармагын модернизациялоого 8 долбоор активдүү иштеп жатат. Өзгөчө көңүл Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол коридорун курууга бурулган, ал аймактагы эң ири капитал салынуучу долбоорлордун катарына кирип, болжолдуу наркы 4,7 млрд долларды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: инвестиция, Транспорт