«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылдыБишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдөҮч өлкөнүн чек арачылары чек ара аймактарында тез арада аракеттенүү жолун табыштыДагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн карын энеликке тыюу салууну сунуштадыКыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койдуКыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда
Баткенде короосуна баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды
11.08.2025 | 14:18

Баткен облусунун Кадамжай районунда короосуна жашыруун баңги өсүмдүгүн өстүргөн 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү өз үйүнүн короосунда жана жүзүм дарагынын арасында бою 2 метрге жеткен 4 түп баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүргөн. Кароо маалында өзгөчө жыты бар бул өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 13 кг 94 грамм экени аныкталып, конопля экендиги экспертизада тастыкталды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Рубрики: Жаңылыктар