Кыргызстандык мигранттар көбүнчө Орусияга, Түркияга, АКШга жана Казакстанга барууда

11.08.2025 | 16:34

Кыргызстандык мигранттар акыркы жылдары Орусия, Түркия, АКШ жана Казакстанга барууда. Орусия кыргызстандыктар көп барган өлкө бойдон калууда, мигранттар 87%ы бул өлкөнү тандашат. Мындай маалыматтар Бишкекте өткөн «Жашыл реновация, ички миграция жана абанын сапаты: Кыргызстан үчүн туруктуу келечекке интеграцияланган чечимдер» аттуу конференцияда айтылганын 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 2022–2024-жылдары өлкөбүздөн 190 миңден ашык кыргызстандык чет жакка чыгып кетсе, алардын 110 миңден көбү кайра кайтып келген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан кайтышкан.

Эмгек миграциясына жана чет өлкөгө кеткендердин саны (34%) боюнча Ош облусу жана Ош шаары биринчи орунда турат.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, биздин өлкөгө келген мигранттардын эң көп саны Өзбекстандан (11 миң 471), Пакистандан (5 миң 730), Россиядан (3 миң 338), Бангладештен (3 миң 182) жана Индиядан (1 миң 752) болгон. Алардын ичинен 79,7%ы — эркектер, 20,3%ы — аялдар.

Теги: мигрант
Scroll to Top