Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Эртең Чолпон-Атада ЕАЭБ Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт
13.08.2025 | 15:24

14-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталат. Күн тартибинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган 20 маселе каралат.
Жыйында, негизинен:
- Бирдиктүү биржа товар рыногунда биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитүү;
- 2024-жылдагы мунай, мунай продуктулары жана жаратылыш газынын жалпы рынокторунун жүрүшү жөнүндө отчетторду угуу;
- Трансчек аралык рыноктордогу атаандаштык абалы жана жалпы эрежелерди бузуунун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы;
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында макулдашылган транспорттук саясаттын негизги багыттары жана этаптары;
- Дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясы.
Жыйын экономикалык интеграцияны чыңдоого жана ЕАЭБдин бирдиктүү рынокторун өнүктүрүүгө багытталат.
Рубрики: Жаңылыктар