Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Кыргызстан менен Тажикстан каржы саясаты жаатында кызматташууда
13.08.2025 | 15:15

Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтеринин өкүлдөрү финансы саясаты жаатында тажрыйба алмашуу жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө боюнча жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын бюджеттик мекемелеринин финансы-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсепке алуусун киргизүү, бажы процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү, салыктык эмес кирешелерди жана алардын бюджетке түшүүсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча консультацияларды өткөрүштү.
Ошондой эле салыктык жана бажылык башкаруу, салыктык жана бажылык башкаруу жаатында санариптик чечимдерди киргизүү, мамлекеттик финансыны башкаруу, бюджеттештирүү боюнча тажрыйба алмашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: кызматташтык, кыргыз-тажик