Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкектеги №67 мектептин аймагындагы имарат жаңы окуу жылына даярдалат
13.08.2025 | 18:02

Бишкек шаарындагы №67 мектептин аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар кайрадан мамлекетке кайтарылып, жаңы окуу жылына чейин оңдолмокчу.
Шаар мэриясынын токтомуна ылайык, Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан жана жалпы аянты 751 чарчы метр болгон турак жай эмес жайлар муниципалдык менчикке кабыл алынды. Бул имараттарда класстык бөлмөлөр уюштурулат.
Чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Илияс Колопов Капиталдык курулуш башкармалыгына оңдоо иштерин кыска мөөнөттө аяктоону, ал эми «Бишкек жашыл курулуш» ишканасына аймакты жашылдандырууну тапшырды.
Борбор калаанын билим берүү департаментине жана мектеп жетекчилигине жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө көзөмөлгө алуу милдети жүктөлдү.
Рубрики: Жаңылыктар