Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкектеги Чоң Чүй каналын реконструкцияланат
14.08.2025 | 11:48

Борбор калаада Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштеринин аякташы менен Чоң Чүй каналын (ЧЧК) көрктөндүрүү жана реконструкциялоо башталат. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев тапшырган долбоордо жээктерди бекемдөө, суунун нугун таштандылардан тазалоо жана авариялык дарактарды алуу каралган. Ошондой эле «Алга» спорт комплекси жанындагы сейил жайдын мисалында эс алуу аймагын түзүү пландалууда.
Транспорт департаменти жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тиешелүү иштерди аткарат. Бардык иштерди бир ай ичинде бүткөрүү мерчеми коюлду.
Рубрики: Жаңылыктар