“Евразия” VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда интерактивдүү стенд тааныштырды

15.08.2025 | 12:13

Ысык-Көл облусунда 13–15-август күндөрү өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда «Евразия» Автономдук коммерциялык эмес уюму интерактивдүү стендин сунуштады. Ачылыш аземине Кыргызстан менен Россиянын Өкмөтүнүн орун басарлары Данияр Амангельдиев жана Алексей Оверчук катышты.

Форумдун негизги темасы — «Санариптик суверенитет: ЕАЭБдеги туруктуу өсүш жана технологиялык кооперациянын фактору». Иш-чара эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулай турган эл аралык аянтчага айланды.

«Евразия» Автономдук коммерциялык эмес уюму Кыргызстанда бир катар гуманитардык долбоорлорду ишке ашырып келет: 100 автобус берүү, «Евразия» эс алуу паркын куруу, 80 жылдык Жеңиш мааракесине арналган патриоттук иш-чаралар, билим берүү жана медицина тармагындагы кызматташтык.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Россия жана Кыргызстан биргеликте орус тилинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү багытында иш баштады. Ошондой эле уюм жаш блогерлерге жана журналисттерге арналган медиамектепти ачты.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top