МиКаб Төрагасы: ЕАЭБ түзүлгөндөн бери биримдиктин ИДПсы 18%га өстү

15.08.2025 | 14:48

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ЕАЭБ түзүлгөн 10 жыл ичинде биримдиктин ИДПсы 18%га өсүп, 2,5 трлн доллардан ашканын билдирди.

Өнөр жай өндүрүшү 30%га, айыл чарба 25%га көбөйсө, өз ара соода эки эседен ашык өстү. Кыргызстан боюнча ИДП 1,5 эсеге, жан башына ИДП эки эсеге көбөйгөн. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода эки эсеге, өнөр жай өндүрүшү 55%га, айыл чарба 23%га өскөн.

Касымалиев бул жетишкендиктерди өкмөттөрдүн тыгыз кызматташуусу жана бизнес активдүүлүгү менен байланыштырып, өнөр жай кооперациясын, бирдиктүү транспорттук жана санариптик мейкиндикти өнүктүрүү, эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды атады. Ал 2030-жылга чейин ЕАЭБди көп уюлдуу дүйнөнүн технологиялык жана социалдык өнүгүү борборуна айландыруу зарылдыгын белгиледи.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top