Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын кабыл алды
15.08.2025 | 14:45

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын жана ЕЭК коллегиясынын төрагасын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Администрация кабарлады.
Мамлекет башчы Кыргызстан үчүн ЕАЭБге мүчөлүк тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга умтуларын айтты.
“Ошондой эле ал товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүнө тоскоолдуктарды жоюу, өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарында кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар