Президенттин Ысык-Көлгө болгон сапары. Жайлоолорду сактоо чакырыгына саресеп

Президент Садыр Жапаровдун жакындагы Ысык-Көл облусуна сапары өлкөнүн алыскы аймактарын өнүктүрүү жана жайыттарды коргоо маселелерин коомчулукка дагы бир жолу эскерттти көрүнөт. Мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпы журтка кайрылуу жасады. Анда жайлоолордо техникалык куралдар менен тебелебей, мыйзамсыз жолдордун пайда болушу абдан акыркы убакта чоң көйгөйгө айланып баратат. Президенттин айтымында, бул көрүнүш бир гана Ысык-Көл өрөөнү эмес, Каркыра, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай жана Чоң Алай аймактарындагы жайлоолорду да камтып жатат. Президенттин белгилөөсү боюнча, жайыттарды коргоо жана кайрадан жашылдандыруу иштери акыркы 4–5 жыл ичинде активдүү жүргүзүлүүдө. Бирок бул процессти толук калыбына келтирүүгө бир жыл жетишсиз. Урук себүү жана малды жайлоого чыгарбоо сыяктуу чаралар 15–20 жылдык убакытты талап кылат. Ошондуктан мамлекет башчысы бардык жайлоочуларга, туристтерге жана жергиликтүү калкка техниканы негизги жолдордон чыкпай колдонуу, жайыттарды сактоо жана келечек муунга таза жана коопсуз жайлоолорду калтыруу чакырыгын жасады. Албетте, бул чакырыкты туура кабыл алгандар болсо, арасында дагы деле маани бербей, унаалар менен жашыл шиберлерди тебелеп жаткан учурлар азыр деле социалдык тармактарда жайылууда. Ушул жерден жаратылыш жалгыз гана Президентке керекпи деген ой жаралат. “Reporter.kg” басылмасы бул ирет жайлоолорду сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу темасына кайрылууну эп көрдү.

2-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагына, тактап айтканда Эңилчек айылына барды. Ал жерде жашаган топуктуу карапайым калктын кубанычына, жөнөкөйлүгүнө жалпы журт социалдык тармакка тараган видео аркылуу күбө болду.
Бул айыл деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан жана жетүү кыйын болгон аймактардын катарына кирет. Президент жеринде жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында сапаттуу унаа жолун куруу тапшырмасын берди. Ошондой эле, айылдагы мектептерде билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси да көтөрүлүп, бала бакчалар жана орто билим берүү боюнча Каракол шаарында турак жай менен камсыз кылуу боюнча чаралар каралууда.
Серепчилерлин айтымында, аскер фомасын кийген мамлекет башчынын бул сапары бир нече маанилүү багытты камтыйт. Алгач экология жагынан алып карасак, жайлоолорду техника менен тебелебөө, урук себүү жана малдын жайылышын көзөмөлдөө аркылуу табиятты сактоо. Бул чаралар Кыргызстандын биологиялык жана туризмдик потенциалын узак мөөнөттө коргоого багытталган.
Ал эми, социалдык өнүгүү багытында, алыскы аймактардын жашоочуларына транспорттук жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу. Бул региондордо жашоо сапатын көтөрүү, жаштарды айылда калууга үндөө максатын көздөйт.
Мындан сырткары, туризмди өнүктүрүү багытына саресеп сала турган болсок, сапардын алкагында жайлоолордун тазалыгын жана сактоону баса белгилөө экотуризм жана спорттук иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү.
Ошондой эле серепчилер белгилегендей, Президенттин билдирүүсү жана иш сапары бир нече деңгээлде стратегикалык мааниге ээ. Бир жагынан, бул экологиялык сактоо жана табиятты коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын практикалык көрүнүшү. Экинчи жагынан, алыскы аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты колдоо аркылуу регионалдык тең салмактуулукту камсыздоо аракетинин мисалы болуп саналат.
Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө болгон сапары жайлоолорду сактоо, аймактарды өнүктүрүү жана келечек муун үчүн таза табият калтыруу багытындагы комплекс маселелерге көңүл бурган аракет катары бааланат. Аталган сапар жана анын учурундагы билдирүүлөр экологиялык жоопкерчилик, социалдык колдоо жана туризмдин гармониялуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин көрсөтүп турат. Мамлекеттик деңгээлдеги толгон-токой ишине карабастан, атайын убакыт таап барып, жетүүгө кыйын болгон аймактарга барып эл менен жолугуп алардын көйгөйлөрүн жеринен угуунун өзү элдин бийликке болгон илгери үмүтүнө кабар берет. Кезинде алыскы аймактарга Президент эмес, айыл өкмөтү деле басып барбаган күндөр болгон. Ага салыштырмалуу бүгүнкү күндө баарына тегиз мамиле жасалып, абалың кандай деп кабар алган мамлекет бар экенин ар бир жаран өз жон териси менен сезип, Кыргызстандын келечегине болгон үмүтү артып, ишеним пайда болгонтю учур десек ашыкча болбос.
Андыктан окурман, ар бирибиз жаратылышка аяр мамиле кылууну адатка айланталы.