Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептеп берген электрондук кызмат ишке кирди

Салык төлөөчүнүн кабинетинде мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептеп берген “Салыктык милдеттенмелер” модулу ишке кирди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, модулдун жардамы менен “Кадастр” мекемесинин маалыматтык базаларынын негизинде мүлк салыгынын суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Тактап айтканда, салык төлөөчүдөн сумманы өз алдынча киргизүү же эсептөө талап кылынбайт. Убакытты үнөмдөп, бир нече баскычтын жардамы менен салыкты төлөп коюуга болот.
Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө модулун кантип колдонот?
- Алгач cabinet.salyk.kg порталына кирип, “Салыктык милдеттенмелер” модулун тандоо керек.
- Андан кийин “Өтүү” баскычын басканда, салык милдеттенмелери боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт.
- Оң жагындагы “Төлөө” баскычын басканда, QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу төлөм ыкмалары сунушталат.
Модулда салыктын түрү, датасы, району жана суммасы боюнча маалыматтар камтылган. Ошондой эле, мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт: КМБ коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөөнүүчү сумма.
Белгилей кетсек, эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.