Эми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойт
Ысык-Көлдөгү каргашалуу окуя. 24 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
19.08.2025 | 12:01

Ысык-Көл облусунда эс алуу жайларынын биринде 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-августта саат 10:25 чамасында Чолпон-Ата шаарында болгон. Маркум Бишкектен кесиптештери менен эс алууга келип, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен пикир келишпестиктен улам жаракат алып, каза болгон.
Окуя болгон жерден далил буюмдар алынган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен катталып, экспертизалар дайындалды.
“Шектүү катары 14, 17 жана 19 жаштагы үч жаран кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар