Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
Казакстан менен Өзбекстан атомдук энергия тармагында кызматташууда
20.08.2025 | 10:22

Казакстан менен Өзбекстан атомдук энергия тармагында кызматташууну бекемдөөдө. Бул тууралуу өзбекстандык “Узатом” агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-августта Ташкентте Казакстан менен Өзбекстандын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өткөн.
Жолугушууда коопсуздукка, сейсмикалык туруктуулукка жана экологиялык маселелерге басым жасоо менен атомдук энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары каралган.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкүлдөрү атом тармагы үчүн адистерди даярдоо багытында тажрыйба алмашуу, анын ичинде биргелешкен билим берүү программаларын түзүү маселесин талкуулашкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар