Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
УКМК: Өзбекстанга 40 миңден ашык бодо мал мыйзамсыз чыгарылган
20.08.2025 | 10:33

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Айыл чарба министрлигиндеги коррупциялык иштерди иликтөөдө ири мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын июлунда киргизилген экспорттук квоталар министрликтин айрым жетекчилери тарабынан “өз кишилерине” мыйзамсыз берилген. Керектүү документтер райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө толтурулган.
Ортомчу ишкерлер квоталарды дыйкандарга 1 баш бодо мал үчүн 300 доллардан, майда жандык үчүн 5 миң сомдон сатып келишкен. Натыйжада эттин баасы көтөрүлгөн.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар министрлик кызматкерлери жана ортомчулар кармалды.
Рубрики: Жаңылыктар