Балыкчы шаары болуп көрбөгөндөй өзгөрөт. Чындыкпы же саясий убадабы?

21.08.2025 | 16:30

70 жылдык тарыхы бар Балыкчы шаары Кыргызстандагы стратегиялык мааниге ээ шаар. Ысык-Көлдүн “дарбазасы” катары белгилүү бул калаа, көп жылдар бою өлкөнүн туризм тармагын, соодасын жана транзитин камсыз кылып келген. Бирок шаардагы инфраструктуранын эскилиги, башаламан базарлар, жол боюндагы мыйзамсыз соода, сапатсыз жолдор жана социалдык объектилердин жетишсиздиги анын өнүгүшүнө тоскоол болуп келгени жашыруун эмес. Кереметтүү Ысык-Көлгө алыскы өлкөлөрдөн келген туристтер алгач эле дал ушул Балыкчы шаарына баш багат эмеспи. Андыктан бул калаага өзгөчө көңүл буруп, шарт түзүү заман талабы болуп турган мезгил. Себеби, кыргызда “эшигин көрүп төрүнө өт” деген таамай айтылган учкай кеп бар. Аалам заманбапташып, экономиканы көтөрүүдө туризм тармагы биринчи орунга чыгып турган мезгилде Балыкчы шаарына көңүл буруу мамлекет үчүн аброй гана алып келери турган иш. Мындан улам биздин редакция бул ирет буга чейин мэрлер улам алмашып, миллиондук долбоорлор ишке ашып, таанылгыс болуп өзгөрөт деген айтылуу Балыкчы шаарына сапар тартып, окурмандар менен шаардагы жасалып жаткан жана жасала турган иштерди талдап чын-бышыгына саресеп салып көрүүнү чечти.

Мурдагы Рыбачье, азыркы Балыкчы шаары совет доорунда өнөр жай жана логистика борбору катары таанылган. Бул жерде кеме заводу, жип заводдору жана темир жол түйүнү иштегени белгилүү. СССР урагандан кийин, тилекке каршы ири ишканалар жабылып, башка шаарлардай эле Балыкчы дагы экономикалык кризиске кабылган. Калаада жумушсуздук күчөп,  миграция маселеси курчуган. Географиялык жактан алып карай турган болсок, Балыкчы шаары Кыргызстан үчүн маанилүү аймак. Себеби,  Бишкек – Ысык-Көл – Кытай багытындагы транспорттук түйүн болуп эсептелет.  Демек, Балыкчынын өнүгүшү бир гана жергиликтүү тургундар үчүн эмес, өлкө үчүн да чоң мааниге ээ.

Балыкчы шаары акыркы жылдары ири өнүгүү планын жүзөгө ашырууну баштады. Президент Садыр Жапаров 5-июнда кол койгон “2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” алкагында Балыкчы шаарына 1 миллиард сом бөлүнүп, шаарды түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган 12 багыттагы долбоорлор ишке киргизилгени маалымдалган. Бул каражат инфраструктураны жакшыртууга, социалдык объекттерди курууга жана жашоо сапатын көтөрүүгө багытталган.

Балыкчыга кире бериште арка бар. Анын өтмөгү тар болуп, эскилиги жеткендиктен алынып салынган. Анын ордуна жаңы арка тургузулуп, үстүнө “Ак кеме” орнотулары айтылды. Мындан сырткары толкун формасында жасалган фото-зона курулуп, шаар тургандары жана коноктор сүрөткө түшө турган сонун жайга айланары күтүлүүдө. Мындан сырткары, шаарга кире бериштеги айланма жолдун ортосунда турган флагштот жаңыртылат.

Президенттин Иш башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик белгилегендей, шаарды өнүктүрүү 12 багытта жүрөт.

1. Жолдорду жана көчөлөрдү оңдоо – негизги трассаларды реконструкциялоо, тротуар жана веложолдор куруу.

2.  Жарыктандыруу системасы – заманбап LED чырактарды орнотуу.

3.  Жашылдандыруу жана экология – гүлзарлар, сейил бактар, тамчылатып сугаруу системалары.

 4.  Жаңы автобекет – 200дөн ашык такси жана автобус үчүн токтоочу жай, мейманкана жана күтүү залдары.

 5.  Муниципалдык базар – эки кабаттуу заманбап базар, кампалар жана 200 орундуу автоунаа токтотуучу жай.

 6.  Балык базары – 1,1 гектар жерге 150 соода оруну менен жаңы соода борбору.

7.  Ипотекалык турак жайлар – 3700 батирлүү көп кабаттуу үйлөр.

 8.  Этнопарк – 3,1 гектар аянттагы маданий-туристтик комплекс.

 9.  Социалдык объектилер – мектептер, бала бакчалар жана спорттук жайлар.

 10. Коомдук транспорт – Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен алынган 10 электробус.

11.  Энергетика – “Росатом” менен биргеликте шамал электр станциясы (100 МВт).

12.   Туризмди өнүктүрүү – фотозоналар, жаңы арка, коомдук эс алуу жайлары.

Өнүгүү программасы менен бирге кошо кадр саясаты коомдук талкууга түштү. 2025-жылдын июлунда Балыкчынын жаңы мэри болуп Баатырбек Жантаев дайындалды. Ал Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бөлөсү экени белгилүү болду. Бул дайындоо коомчулукта “туугандарды кызматка тартуу саясаты” деген сынга кабылды. Бирок бийлик өкүлдөрү Жантаевдин чарбачылдык тажрыйбасын жана ыкчам иштөө жөндөмүн баса белгилеп, аны “мыкты менеджер” катары коргоп чыккандар да болбой койгон жок. Албетте, медалдын эки тарабы болот демекчи, бардык эле адамдын жаман-жакшы сапаты болот. Бирок мамлекеттик кызматта, болгондо да бакыйган шаардын башчылыгына келген адамда тандоо болбойт. Анда бир гана милдет болот. Ага жүктөлгөн милдетти так аткаруу. Балчыкчынын жаңы мэрине сын-пикирлер да, аны коргоолор да көп айтылды. Эми иш жүзүндө гана ал өзүн көрсөтө алат. Бул үчүн албетте убакыт керек.

Жогоруда аталган долбоорлор албетте шаар үчүн жасала турган жакшы иштер, бирок алар шаар жана эл үчүн кандай пайда алып келет деген суроо туулбай койбойт. Ушул жерден шашпай мына ушул суроонун айланасында ой жүгүртүп көрөлү. Ал үчүн баш катырып ойлонуп же өлкөдөгү мыкты экономист-финансисттердин деле пикири керек эмес. Катардагы карапайым калк деле жаңы салынып жаткан муниципалдык базар жана автобекет  шаар бюджетине миллиондогон сом киреше алып келерин түшүнүп турат. Себеби буга чейин өлкөдө бардык базарлар жеке менчик болуп, ал эми автобекеттер колунда бийлиги бар чиновниктерге аз гана акчага сатылып кеткен. Алардан түшкөн кирешелердин пайдасын топ адам гана көрүп келген. Эми бул социалдык объектилер муниципалдык болсо, андан түшкөн киреше толугу менен түз жергиликтүү бюджетке түшүп, мамлекеттин казынасын кампайтат.

Этнопарк курулуп, инфраструктуранын жаңыланышы менен бул аймакка болгон туристтердин агымы көбөйөт. Мамлекет тарабынан салынып жаткан 3700 батирлүү ипотекалык үйлөр бүтүп, элге тапшырылса, шаарды жашоо үчүн ыңгайлуу кылат, миграцияны азайтышы мүмкүн. Бирок ошол эле маалда элди жумуш менен камсыз кылуу маселеси ачык бойдон калат. Шамал электр станциясы регионду эле эмес, жалпы Ысык-Көл өрөөнүн  энергетикалык жактан туруктуу кылат.

Муну менен бирге тобокелчиликтер да бар экенин белгилеп кетүү керек. Себеби, чоң акча бар жерде көп адам иштейт, көп адам иштеген жерде адамдык факторлор да аралашып кетиши ыктымал.  Андыктан 1 млрд сом жана кошумча каражаттардын туура жана багыттуу пайдаланылышы азырынча суроо бойдон калат.  Мындан сырткары курулуштардын сапаты да маани бере турган маселе. Көп учурда Кыргызстанда объектилер сапатсыз салынып, бат эле бузулуп калган учурлар бар. Ошол себептүү санына эмес, сапатына басым жасаган туура болот.

Элдин реакциясы жана коомдук пикирге кайрыла турган болсок, айрым тургундар шаардагы көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү оң баалап, көчөлөр жарыктандырылып, башаламан базарлар жоюлууда, жаңы объектилер курулууда дешет. Ал эми социалдык тармактарда Балыкчынын “жаңы доору” жөнүндө кызуу талкууларды окууга болот.

“Балыкчы шаары жаңыланып, болуп көрбөгөндөй өзгөрөт” деген убада бүгүнкү күндө же азырынча реалдуу курулуштар жана долбоорлор менен коштолууда. Чындыгында, азырынча бул жөн гана сөз эмес, иш жүзүндө далилденүүдө.  Шаарды өзгөртүү үчүн инфраструктуралык, социалдык иштер башталганы факт. Бирок эң чоң суроо турат. Пландалган долбоорлор толук ишке ашабы же жарым жолдон токтойбу?  деген кооптонуу бар.

Эгер жергиликтүү бийлик бөлүнгөн каражатты туура пайдаланып, курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүп, кадр саясатында ачык-айкындыкты сактай алса, Балыкчы чындап эле Кыргызстандын үлгүлүү шаарларынын бирине айланышы толук мүмкүн. Ал үчүн жогору жактан, бийлик башында турган адамдардын тыкыр көзөмөлү талап кылынат.

Рубрики: Коом, Макалалар
Scroll to Top