Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Казакстандын Президенти Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди
21.08.2025 | 19:47

Бүгүн, 21-августта Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн туулары илинди, килем төшөлдү жана улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулду. Ардактуу кароол тизилип, улуттук кийимчен кыздар Токаевди гүл жана боорсок менен бал менен тосушту.
Ошондой эле кыргыз артисттери катышкан концерттик программа уюштурулуп, кыргыз жана казак музыкалык чыгармалары аткарылды. Мамлекет башчылары улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алынды.
Рубрики: Жаңылыктар