Садыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты
Бишкекте баңгизатты момпосуйдун таңгагына ороп саткандар кармалды
22.08.2025 | 15:22

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизат сатуу боюнча шектүүлөрдү кармоо боюнча операция жүргүздү.
Аталган кызматтын маалыматка ылайык, шектүүлөр баңги жана психотроптук заттарды Telegram-канал аркылуу таратып келген.
Белгиленгендей, 9-июль күнү 1998-жылы туулган жаран кармалган. Ал куратор катары кызмат кылып, андан 9 момпосуй табылган, алардын ичине афган чаарлары (гашиш) салынганя аныкталган.
Ал эми, 20-август күнү 1997-жылы туулган жаран кармалып, ал таңгактап берүүчү катары шектелүүдө, анын үйүнөн 2,633 килограмм гашиш табылган.
“Кармалган адамдар баңгизатты каткан жерлерди көрсөткөн. Учурда тергөө иштери”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Кылмыш