Ошто жүзүн жаап жүргөн 22 кыз-келинге айып салынды

Ош облустук Ички иштер башкармалыгы коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн жарандарга карата рейддик иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери алдын алуу жана түшүндүрүү максатында бир катар рейддер өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө 140 жаранга эскертүү берилген.
Ошондой эле 22 кыз-келинге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренеси боюнча протокол түзүлүп, ар бирине 20 миң сомдон айып пул салынган.
“Учурда милициянын демилгеси менен Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунун борбордук аянттарына орнотулган чоң ЛЭД экрандардан коомдук жайларда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга айып пул салынаары жөнүндө эскертүү видеороликтери көрсөтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.