Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ошто 18 жаштагы кыз зордукталганын айтып милицияга арыз жазды
21.08.2025 | 12:35

Ош шаарында 18 жаштагы кыз зордуктоого кабылганын билдирип, милицияга кайрылды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 18-августта Кара-Кулжа районунун 2007-жылы туулган тургуну социалдык тармак аркылуу таанышкан болжол менен 30–35 жаштагы адам аны Ош–Араван жолунда унаасында күч колдонуп зордуктаганын айткан.
Окуя боюнча факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Шектүү катары Араван районунун 1996-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.
“Жабырлануучуга экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынары белгиленди”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар