Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
МинКаб көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин бекитти
20.08.2025 | 17:49

Министрлер Кабинети токтом менен көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин бекитти. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Анда көмүү жайларын брондоо шарттары, мөөнөттөрү, наркы жана тариздөө жол-жобосу такталган. Максат – жарандардын сөөгүн кадыр-барктуу коюу укугун камсыздоо, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий талаптарды сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алуу жана башкарууну системалаштыруу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары токтомго ылайык өз чечимдерин жаңылайт. Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар