“Жеңиш” чокусундагы куткаруу операциясына жөнөтүлгөн ӨКМдин тик учагы кайтып келди

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы “Жеңиш” чокусундагы куткаруу операциясынан кайтып келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 24-августта Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинистке жардам көрсөтүү максатында ӨКМдин “Airbus Н-125” үлгүсүндөгү тик учагы жөнөтүлгөн. Аны менен кошо чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч жана альпинист-куткаруучу да болгон. Алар эки күн Каркырадагы базада күтүп турушкан.
Бирок чоку жайгашкан аймактагы аба ырайы кескин начарлап, учууга мүмкүнчүлүк бербегендиктен, кечээ 25-августта тик учак Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтарылды.
ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Карабаев билдиргендей, “Жеңиш” чокусу жайгашкан өрөөндө суук эрте түшөт. Ошондуктан альпинисттер чокуга көтөрүлчү лагерди негизги база болгон Каркырага көчүрүп келишкен.
Эскерте кетсек, 12-августта россиялык альпинист Наталья Ноговицына “Жеңиш” чокусунан түшүп келе жатып, деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. Аны куткарууга бир нече ирет аракет жасалган жана бул иштерди «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясы жүргүзүп келген.
Ал эми ага чейин “Жеңиш” чокусундагы 47 жаштагы альпинист Наталья Наговицинанын сөөгүн түшүрүү боюнча куткаруу операциясы кийинки жылга чейин токтотулганы маалымдалган.