Түркиянын кино жылдыздары Бишкекке келет

26.08.2025 | 11:02

4–8-сентябрь күндөрү борбор калаада “Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү” өтөт. Иш-чара Түркия менен Кыргызстандын маданий алакаларын чыңдоону жана түрк кинематографиясын таанытууну максат кылууда.

Фестиваль Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кинематография департаментинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана “Йерли Дүшүнже” фондунун колдоосу менен уюштурулууда.

Кызыл килем аземине белгилүү түрк актрисалары Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч жана Аныл Алтан катышышат. Ошондой эле режиссёрлор жана продюсерлер менен жолугушуулар да уюштурулат.

Фестивалдын ачылышында көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы “Оскарга” көрсөтүлгөн тасмасы — «Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири» (реж. жана башкы каарман Мурат Фыратоглу) менен таанышат.

Кино күндөрүнүн программасы:

  • 4-сентябрь: Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири – реж. Мурат Фыратоглу
  • 5-сентябрь: Сүйүү байланыштары – реж. Хакан Куршун
  • 6-сентябрь: Акылдан жүрөккө – реж. Өзер Фейзиоглу
  • 7-сентябрь: Хай Хак Карагөз – Хаживат (анимация) – реж. Кенан Акташын
  • 8-сентябрь: Эрке – реж. Онур Үнлү

Бардык көрсөтүүлөр “Ала-Тоо” кинотеатрында өтүп, кирүү акысыз болот.

Scroll to Top