Санкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбиялануудаАялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөт
Жол коопсуздугун камсыздаган инспекторлор эми протоколдорду электрондук түрдө түзө башташат
26.08.2025 | 12:43

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлору жол эрежелерин бузган айдоочуларга протоколдорду электрондук түрдө түзө башташат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчынын бардык мамлкеттик кызматтардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, ЖКККББ да жакынкы аралыкта электрондук протоколдорду түзүү нормасына өтөт.
“Кагаз иштери азаят, ишмердүүлүктүн бардыгы электрондук түргө өтөт. Эми жол эрежесин бузган айдоочуга кагазга эмес, планшет аркылуу электрондук протокол түзүлөт. Бул жакынкы күндөрү, октябрь-ноябрь айларында күчүнө кирет”,- деп билдирди басма сөз катчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом