Кыргызстанда 1-класска 93 миңден ашык окуучу кабыл алынды

26.08.2025 | 13:00

Кыргызстанда 2025–2026-окуу жылына карата республика боюнча жалпы 206 миң 835 мектепке кабыл алынды. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 1-класска 93 669, ал эми 2-класска 113 166 бала катталган. Жалпы квотанын алкагында 1–2-класстар үчүн 306 миң 407 орун бөлүнгөн.

Класстар боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй:

1-класстар: 144 377 орун, 93 669 бала кабыл алынды, 50 миңден ашык орун бош калды;

2-класстар: 159 192 орун, 113 166 бала кабыл алынды, 46 миңден ашык орун бош.

Бош орундардын жалпы саны – 99 573.

Бишкек шаарында болсо, 38 426 орун каралса, анын ичинен 35 501 бала катталган. 2 925 орун азырынча бош.

Ошондой эле Жусупбекова белгилегендей, акыркы жылда мектепке чейинки билим берүүдө камтылуу рекорддук деңгээлге жетип, 28,3%дан 44,3%га өстү. Азыр 257 миңден ашык бала бакчага барат, ал эми 100 миң бала «Наристе» программасы аркылуу билим алууда.

Мындан тышкары, бала бакчалар үчүн жаңы стандарттар ишке кирип, миңге жакын жаңы топ ачылып, 25 миң кошумча орун түзүлдү. Онлайн платформа аркылуу ата-энелер бала бакчалар тууралуу маалымат алып, ваучерлер үчүн өтүнмө бере алышат. Финансылык колдоо катары ай сайын 2 миңден 4 560 сомго чейин берилүүдө.

Учурда Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алууда. Өлкөдө жалпы 2 394 мектеп бар, жана аларда 93 миңден ашуун мугалим иштейт.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top