Жаңы окуу жылына 3,2 млн нуска окуу китеп даярдалды

26.08.2025 | 13:40

Жаңы окуу жылынын алдында Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого мамлекет 744 млн сом бөлдү. Бул тууралуу “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен окуучуларга китеп жана жумушчу дептерлер, мугалимдерге болсо методикалык колдонмолор даярдалууда.

Учурда Агартуу министрлиги “Учкун” басмаканасы менен жалпы 571,9 млн сомго 3 198 650 нуска китеп чыгаруучу келишим түзгөн. Бул былтыркы жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп (2023–2024-жылы 1,49 млн нуска болгон).

  • Англис тили боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер — 1 917 570 нуска.
  • 3-класс – 148 830 нуска
  • 4-класс – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасын Улуу Британиянын элчилиги каржылады)
  • 5-класс – 305 010 нуска
  • 6-класс – 299 850 нуска
  • 7-класс – 288 750 нуска
  • 8-класс – 282 050 нуска
  • 9-класс – 270 730 нуска

Ал эми, математика жана табият таануу (1–2-класстар үчүн) — 1 281 080 нуска.

  • 1-класс математика – 295 880 нуска
  • 2-класс математика – 344 660 нуска
  • 1-класс табият таануу – 295 880 нуска
  • 2-класс табият таануу – 344 660 нуска

Ошондой эле 5 жана 7-класстар үчүн жаңы адаптацияланган математика жана табият таануу китептери, 1-класстар үчүн жаңы “Наристе алиппеси” даярдалууда.

“Кыргызстан менен Россия биргелешип иштеп чыккан орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Москвада басылып чыгып, октябрда мектептерге жеткирилет”,-деди адис.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top