Альпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар

8-август дүйнө жүзү боюнча Альпинизмдин эл аралык күнү. Бул күндү тоо сүйгөндөр, спортчулар, чоку багынтууну максат кылгандар гана эмес, бийиктикке умтулган ар бир адам белгилейт десек болот. Альпинизм бул жөн гана спорт эмес. Ал адамдын табият менен бет келиши жана өзүнүн эркин сыноосу. Башкача айтканда, каармандык менен трагедиянын чегинде турган спорт. Анын баңги катары адамды өзүнөн тартыр турган сыйкыры бар дешет. Бул ирет “Reporter.kg” альпинисттерди өзүнө тарткан зоолордун сыйкырына саресеп салат.
Адамды көк тиреген аска-тоолордо эмне кызыктырат деген суроо баарын эле кызыктырса керек. Айрымдар муну “маанисиз тобокелчилик” деп эсептесе, альпинисттер үчүн бул өзүн жеңүү, рухий тазаруу жана жашоого жаңы көз караш табуу жана хобби.
Тоодо ар бир кадам эсептелет, ар бир чечим тактика жана стратегияны талап кылат. Тоодо жалгыз калуу мүмкүн эмес. Андыктан альпинисттер дайыма топ-топ болуп жүрүшөт. Асман тиреген тоого жалгыз чыгуу альпинизмдеги жат көрүнүш. Чокуга чыгуу менен ар ким өзүн-өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, чыдамкайлыгыңды тастыктоону каалашат.

Альпинисттердин айтымында, альпинизм алгач башты иштетет, анан гана кол менен бутту. Бир четинен бизнести башкарууга окшош десе да болот. Себеби, стратегия коюу, ресурстарды бөлүштүрүү, күтүлбөгөн кырдаалга тез реакция кылуу керек.

Жер шарындагы эң бийик тоолор — Эверест, К2 же Жеңиш чокусу (7439 м) — альпинисттер үчүн өзүнчө дүйнө. Белгилүү болгондой, 7200–8000 метр бийиктиктеги аймак “өлүм зонасы” деп аталат. Бул жерде кычкылтек жетишсиздигинен адамдын организми акырындап алсырайт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 100 метрге чейин жетиши мүмкүн, кичинекей катанын өзү өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Бирок тоонун сулуулугу сөз менен айтып жеткире алгыс. 8 км бийиктикте күн сенин астыңда батып бара жатса, горизонт 200–300 кмге чейин ачылып көрүнөт. Жакынкы чокулар ар кандай түскө боёлуп, асман менен жердин ортосунда адам өзүн майда, бирок ошол эле учурда күчтүү сезет. Мына ушундай кооздукка арбалган альпинисттер кайра-кайра бул бийиктерге чыккысы келет өңдөнөт.

Жакында эле “Жеңиш” чокусунда болгон Наталья Наговицинанын окуясы дүйнөнүн альпинизм тарыхында өзгөчө из калтырды. Россиялык альпинист Наталья Наговицина 7200 метр бийиктикте жаракат алып, ошол жерден түшө албай калды. Аны куткаруу үчүн бир катар операциялар орун алып, тилекке каршы баары ийгиликсиз болуп калды.

Үмүттүн шооласы эч качан үзүлбөйт демекчи, анын уулу дагы деле апасы тирүү болушу мүмкүн деп үмүттөнүп жатканын билдирди.
«Апам тажрыйбалуу, спортчу. Видеодо 7 күндөн кийин да колун булгап турганы көрүнөт. Мен аны азыр да сактап калса болот деп ишенем»,-деген ал.
Бирок куткаруу операциясы аба ырайынан улам улам кийинкиге жылып, убакыт тоо үстүндө эң кымбат ресурска айланды. Бул трагедия тоодо бир секунд, бир чечим, бир аба толкуну баарын өзгөртүп коёрун дагы бир жолу эскертти.

Ал эми альпинист Илим Карыпбеков “Reporter.kg” ге берген маегинде аска-тоонун так үстүндө 14 күн аман калуу эмес экендигин белгиледи.
Тоо чокусуна чыгуу жашоонун өзү сыяктуу. Максат так болсо жол табылат. Ресурстарыңды туура пайдаланбасаң ийгиликке жетпейсиң. Команда менен иштебесең жалгыз каласың. Ар бир кадам жоопкерчилик.
Альпинисттин үчүн маанилүү учурлар:
- 5000 м: Баштапкы лагерь, аба жетиштүү.
- 6000 м: Чарчоо, түнү уйку тынч эмес.
- 7000 м: Кычкылтек жетишсиздиги башталат.
- 8000 м: “Өлүм зонасы” — адамдын организми акырындык менен жабылат.
Альпинизм жөнүндө көпчүлүк билбеген фактылар:
- «Өлүм зонасы» — 8000 метрден жогору аймак. Бул жерде адамдын организми акырындап «өзүн жей» баштайт. Бирок Жеңиш чокусунда 7200 метрде деле абал өтө оор.
- Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң татаал чокулардын бири деп саналат. Себеби анын аба ырайы Эверестке салыштырмалуу да туруксуз.
- Ар бир альпинист 20–30 кг жүк көтөрөт. Бирок бийиктикке көтөрүлгөн сайын, бир бөтөлкө сууну көтөрүү деле чоң сыноого айланат.
- Тоодо «артка кайтуу» — жеңилүү эмес. Чыныгы профессионалдар өз өмүрүн сактап калуу үчүн зарыл болсо, чокудан баш тартат.
- Альпинисттердин жазылбаган мыйзамы бар, чокуга чыкпасаң да, жолдошуңду жалгыз калтырбоо. Бирок айрым учурда аба ырайы мажбурлап, бул кодекс да иштебей калат.

Альпинизм бул өзүңдү жеңүүнүн, максат коюунун жана ишенимдин символу демекчи, “Жеңиш”чокусу альпинизм дүйнөсүнө катуу сабак берди, адам канчалык күчтүү болсо да, тоонун мыйзамы катаал. Бирок ошол эле учурда, тоого ар бир чыгуу бул өзүнө ишенүүнү, жашоого болгон сүйүүнү жана биримдикти күчөтөт.