Кыргызстанда медициналык билим берүүдө мамлекеттик монополия киргизилдиСаясат жана лыжатебүү: Йохан Элиастын “Жоготуу оюну”Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары. Кандай жыйынтык болду?Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштүБишкек шаарында жаңы жол курулуп, пайдаланууга берилдиСалык кызматынын төрагасы Ош шаарындагы базарда рейд өткөрдү
АКШ элчилиги визага тапшырууда жалган маалымат берүү кесепеттерге алып келерин эскертти
27.08.2025 | 12:08

АКШ визасына арыз берүүдө жасалма документтерди тапшыруу олуттуу мыйзам бузуу болуп саналып, виза алуу укугунан ажыроого алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалган маалымат берген же жасалма документтерди тапшырган жаранга АКШга саякаттоого түбөлүк тыюу салынышы мүмкүн.
“АКШнын Мамлекеттик департаменти визалык системанын бүтүндүгүн коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кылдат текшерүү жана коопсуздук чараларын колдонот”,- деп билдирди АКШ элчилиги.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом