Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
Бишкек милициясы жаш балдар ойногон Roblox оюну кооптуу болушу мүмкүн экенин эскертти
28.08.2025 | 10:10

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы ата-энелерге жаш балдар арасында популярдуу Roblox оюну кооптуу болушу мүмкүн экенин эскертти.
Милициянын маалыматында, аталган оюнда баланын жаш курагына туура келбеген маалыматтар таралышы, чоочун адамдар менен байланыш түзүүсү жана ата-энелердин банктык карталарынын колдонулушу мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле оюн аркылуу жашы жетпегендери мыйзамсыз иштерге же кылмыштарга тартуу же шарттарды түзүү болушу мүмкүн экенин эскертилди.
Бишкек ШИИБи ата-энелерге балдарды коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керектигин билдирди:
- Балдардын кандай оюндарды ойногонун көзөмөлдөө,
- Алар интернетте ким менен сүйлөшөрүн билип туруу,
- Онлайн оюндарда өткөрүлгөн убакытты чектөө,
- Мобилдик түзмөктөрдө ата-эне көзөмөлүн колдонуп туруу,
- Балдарга көбүрөөк убакыт бөлүп, алар ата-эненин коргоосунда экенин билдирип туруу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом