Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
ТИМдин алдында “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү
28.08.2025 | 09:43

Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Токтом менен “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.
Мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: ТИМ