Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргыз аскерлери ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2025» машыгуусуна жөнөп кетти
28.08.2025 | 10:17

Кыргызстандык аскерлер ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2025» машыгууларына катышуу үчүн Беларуска жөнөп кетти. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыгуулар 31-августтан 6-сентябрга чейин «Лосвидо» жана «Лепельский» полигондорунда өтөт. Ага Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан аскер контингенттери тартылууда.
Негизги машыгуулар:
- «Өз ара аракеттенүү-2025» — кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен операция;
- «Издөө-2025» — чалгындоо иштерин уюштуруу;
- «Эшелон-2025» — материалдык-техникалык камсыздоо.
2025-жылдагы машыгуулардын өзгөчөлүгү — алар Беларусь жана Россиянын «Батыш-2025» стратегиялык машыгуулары менен байланышта өткөрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар