Азырынча жол эрежесин бузган айдоочуларды текшерүү жүргүзүлбөйт

Эреже бузган айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү азырынча жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Reporter.kgге ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта автоинспекторлор жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга экспресс-тест өткөрө башташы керек болчу. Ага ылайык, тесттен өтпөгөндөр эки айдын ичинде кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Бул демилге мамлекет башчысы Садыр Жапаровго таандык.
«Биз тесттерди өткөрүү үчүн тиешелүү нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү иштеп чыктык. Башкача айтканда, текшерүүнүн методдору жана механизмдери даяр. Жакынкы күндөрү документти макулдашуу үчүн Президенттик аппаратка жөнөтөбүз», — деп билдирди Айтикул уулу.
ЖКККББнын басма сөз катчысы кошумчалагандай, бул процесс көп убакытты талап кылбайт жана жакын арада автоинспекторлор эрежелерди бузган айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшере баштайт.