Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору
Агартуу министрлиги бала бакчалардын сапатына мониторинг жүргүзөт
02.09.2025 | 16:55

2-12-сентябрь күндөрү Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына пилоттук мониторинг жүргүзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мониторинг IDELA эл аралык методикасынын негизинде жүргүзүлөт. Ага Бишкек шаарындагы жана Чүйдүн Сокулук районундагы 15 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 300гө жакын баласын камтыйт.
Министрлик бул пилоттун негизинде быйыл октябрь айында улуттук деңгээлдеги кеңири мониторинг жүргүзүлөрүн билдирди.
Мониторинг бала бакчаларда балдардын өнүгүүсү, билим алуусу жана коопсуздугу үчүн түзүлүп жаткан шарттарды объективдүү баалоо жана эл аралык методиканын Кыргызстандын шарттарына шайкештигин текшерүү максатында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Агартуу министрлиги, бала бакча