Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Тышкы иштер министрлиги АКШда жүрүүнүн тартиби тууралуу маалымдады
03.09.2025 | 09:47

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарды АКШда жүрүүнүн тартиби жөнүндө кабарлап, төмөндөгү негизги жагдайларга көңүл бурууну өтүндү.
Маалыматта айтылгандай, эми АКШда болуу мөөнөтүн ар бир кирген учурда АКШнын Бажы жана чек ара кызматынын кызматкери аныктайт, бул визанын мөөнөтүнө көз каранды эмес.
АКШга баргандан кийин жарандарга Бажы жана чек ара кызматынын онлайн-сервисинен (I-94 формасы) өздөрүнө уруксат берилген мөөнөттү текшерип коюу сунушталат. Текшерүү шилтемеси: https://i94.cbp.dhs.gov
ТИМ жарандарга белгиленген мөөнөттү так сактоо керектигин, АКШ аймагынан I-94 формасында көрсөтүлгөн датадан кечиктирбестен чыгып кетүү зарылдыгын эскертти. Визалык режимди бузуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом