Мугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?Жеке автомектептердин иши токтотулуп, ишкерлер нааразы болууда. Туманбаев жооп бердиКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди он бир пайыз деңгээлинде сактадыДүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даярКыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты27-январь: Айрым аймактарга кар жаайт
Ошто Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз тургузулат
03.09.2025 | 12:30

Ош шаарында Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз тургузулат. Ошондой эле көрүстөндүн кире бериши оңдолот. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы күмбөздүн курулушуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүшөт.
Мындан улам бүгүн, 3-сентябрда, мэр Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине барып, дин өкүлдөрү жана даткалардын урпактары менен жолуккан. Жолугушууда жаңыдан курула турган күмбөздүн долбоору талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом