Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Эл аралык спорттук оюндары өтөт
04.09.2025 | 10:07

4–12-сентябрь күндөрү Ысык-Көл жээгинде «Азия – кызматташтык жана тынчтыктын аймагы» урааны астында КМШ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн XXIV Эл аралык спорттук оюндары өтөт.
Мелдешке 3 миңден ашуун спортчу келет. Алар салттуу жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашышат. Мелдештерден тышкары маданий программалар уюштурулат.
Бул мелдештерге Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Азербайжандан, Беларусиядан келген спортчулар катышат. Ошондой эле туруктуу катышуучулардын катарында Кытай, Индия жана Монголиядан келген спортчулар да бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт