Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Пробациялык көзөмөлдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Казакстанга чыгып жүргөн
04.09.2025 | 09:43

Атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Кеша» каймана аты менен белгилүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору кабарлады.
Аталган мүчө Р.К.Р. 2016-жылы баңгизат саткандыгы үчүн 12 жылга соттолгон. Бирок мөөнөтүнүн жарымын өтөгөн соң шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулууну сурап, 2022-жылдын октябрынан бери пробациялык көзөмөлдө жүргөн. УКМКнын маалыматына ылайык, ал алгач Анапияевдин, кийин Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда болгон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, пробациялык көзөмөлдө турган маалында ал бир нече жолу Казакстандын чек арасын кесип өткөн. Мындан улам ал 2-сентябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар