КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Ош шаарына 95 метрлик жаңы флагшток орнотулат
04.09.2025 | 11:09

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, шаардын борборуна 95 метрлик жаңы флагшток орнотулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге Ош шаарын өнүктүрүү жана мамлекеттик символдорду даңазалоо иштеринин алкагында ишке ашууда.
Максаты калаанын архитектуралык көркүн жаңы деңгээлге чыгаруу жана шаар тургундарына патриоттук маанай тартуулоо.
Белгилей кетсек, учурда борбордо турган 45 метрлик желек сап алынып, анын ордуна жаңысы курулат. Жаңы флагшток шаардагы эң бийик символдордун бири болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар