COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
Депутат Кожокулова Ч. Айтматов проспектисиндеги мозаикалык панно ким тарабынан алынганын тактоону талап кылды
04.09.2025 | 11:17

3-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Гуля Кожокулова Ч. Айтматов проспектисиндеги мозаикалык паннонун алыныша байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Эл өкүлү мэрия менен президенттик аппарат жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп жатканын белгилеп, эки органдын тең абалды иликтеп, шаар тургундарына тарыхый панно тууралуу ачык маалымат берүүсүн талап кылды.
Кожокулова мындай вандализм жана эстеликтерге жоопкерсиз мамиле кайталанбашы керектигин белгиледи. Ал мурда да Жаш Гвардиядагы мозаика алынып салынганын эске салып, бийликти паннону калыбына келтирүү же башка жерге көчүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом