Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат
Чок-Талдагы «Дем ал» коттедждик шаарчасынын жери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды
04.09.2025 | 10:28

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы «Дем ал» коттедждик шаарчасынын жери мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады.
Маалыматка караганда, 4,5 гектар аянттагы жерди жеке колго өткөрүүдө мыйзам бузууларга жол берилген. Бул иштерге «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы бөлүм башчысы Т.А.К. катышканы белгилүү болду.
Ал «Дем ал» айыл чарба кооперативин түзүүнү демилгелегендердин бири болуп, жасалма документтерди колдонуу менен жер тилкесинин менчиктештирилишине шарт түзгөн.
Учурда шектүү УКМК тарабынан кармалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар