Чүйдө мурунку аялын сабап, анын жигитин бычактаган окуя катталды

Чүй районуна караштуу айылдардын биринде эркек киши кызганычтан улам мурунку аялын сабап, андан соң анын жигитинин иштеген жерине барып, бычак менен далысына сайган. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка караганда, жабыркаган жаран Мамлекеттик каттоо кызматында бөлүм башчы болуп иштейт.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 5-сентябрга караган түнү 36 жаштагы аял өз үйүндө катуу токмоктолуп, ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Анын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Окуя КР Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча катталып, шектүү катары аялдын мурунку жолдошу — 35 жаштагы К.А. кармалган.
Мындан тышкары, ошол эле күнү — 5-сентябрда шектүү Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратына барып, 34 жаштагы А.А.ны себепсиз далысына курч буюм менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча дагы кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгына жараша кошумча процессуалдык чечим кабыл алынат.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.