Эльвира Сурабалдиева: Башталгыч класстардын окуучуларын биринчи сменага өткөрүш керек

Депутат Эльвира Сурабалдиева башталгыч класстардын окуучуларын биринчи сменада окутуу маселесин карап чыгууну өтүндү.
Анын айтымында, учурда Бишкекте башталгыч класстын балдары кечинде, караңгыда үйүнө кайтып жатышат.
«Маселени карап көрүңүздөрчү. 5-6-класстан жогору окуучулар экинчи сменада окуса болот. Башталгыч класстарды эртең мененкиге койгула, кечинде көчөдө жүрбөй», — деди депутат.
Мындан тышкары, ал шаар тургундарынын окуу китептерине байланышкан арыз-муңун да билдирди.
«Дайыма жаңы авторлордун китептери чыгып жатат. Ар бир үй-бүлөдө үч-төрттөн бала бар. Бардыгына китеп сатып алуу үчүн 6–8 миң сом талап кылынат. Анан бир аздан кийин ошол автор ылайыксыз болуп калды дешет, бирок китепти ата-энелер кайра тапшыра алышпайт, компенсация берилбейт. Ушундан улам өтө көп чыгым болуп жатат», — деп белгиледи Сурабалдиева.