«Мугалим — буюм эмес». Кесиптик кошуундар Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыОрус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан аштыКарга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» пунктарында убактылуу чектөө киргизилдиКыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашатСасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылды
Жалал-Абаддын атын Манас кылып өзгөртүүгө 15 млн сом сарпталат
09.09.2025 | 16:20

Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү үчүн болжол менен 15 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.
Маалыматка ылайык, чыгымдар демилгечи болгон Жалал-Абад шаардык мэриясынын мойнуна жүктөлөт.
Каражат төмөнкүлөргө жумшалат:
- флагштоктогу «Жалал-Абад» жазуусун алмаштыруу,
- шаардагы аталыштар менен тактайчаларды жаңыртуу,
- мөөр жана почта даректерин өзгөртүү,
- шаардык кызматтар жана уюмдардын документтерин кайра каттоо.
Бул иштер мыйзам күчүнө киргенден кийин алты ай ичинде аткарылышы керек.