Тоолорду туташтырган аба жолу: Кыргызстан аба каттамдарын жандандырууда

Кыргызстанда көп жылдан бери күтүлгөн чоң өзгөрүү ишке ашты — өлкөнүн бир нече аймагында аэропорттор кайрадан иштей баштады. Нарын, Казарман, Талас жана Ысык-Көл сыяктуу алыскы аймактарда аба каттамдары жанданып, эл үчүн жаңы жолдор ачылды. Бул жөн эле учак каттамы эмес, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң кадам. Reporter.kg бул ирет Кыргызстан аба каттамдарын жандандырышына саресеп салат.

Алгач Нарын аэропортунун тарыхына токтолсок. Аэропорттун тарыхы 1930-жылдарга барып такалат. Алгачкы конуу тилкеси Салкын-Төр айылында пайда болгон. 1964-жылы аэробекет имараты, 1974-жылы учуп-конуу тилкеси курулуп, союз маалында маанилүү транспорттук түйүн болгон. Бирок 1999-жылы каттамдар токтотулган.
Быйыл, туура 26 жылдан кийин Нарын облусунун жүрөгүндө жайгашкан бул аба майданы кайрадан каттамдарды кабыл ала баштады. Аэропортто заманбап шарттар түзүлүп, жумасына эки жолу Бишкек-Нарын-Бишкек каттамы аткарылры белгилүү болду. Учуу убактысы — 40 мүнөт, билет баасы 2100 сомдон башталат.

Казарман аэропортуну тарыхы 1940-жылдардан башталат. Ал кезде “Макмалалтын” комбинатына кызмат кылган. 1985-жылы заманбап терминал жана учуу тилкеси курулуп, 2003-жылга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад багыттарында туруктуу каттамдар жүргөн.
Эми 2025-жылы “Казарман” аэропорту да көп жылдык тыныгуудан кийин ишин жандантты. Узундугу 1840 метрге жеткен учуп-конуу тилкеси 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алууга жөндөмдүү. Бул аэродром Dash Q400, Ан-2, Як-40, Ан-26 жана башка заманбап тик учактарга ылайыкталган.
Аэропорттордун оңдолушуна 8.175 млрд сом инфраструктурага, 3. 356 млрд сом техника жана жабдууларга жумшалган. Бул каражаттар “Кыргызстан аэропорттору” ААК тарабынан мамлекеттик бюджетке таянбастан каржыланганы айтылды.

Мындан сырткары, Таласта жаңы аэропорт терминалы ачылган.
Ошондой эле Ысык-Көлдөгү аэропорт жаңыланып, туристтик каттамдар үчүн ыңгайлуу болду.
Президент ошондой эле жакында Талас облусунун борборундагы аэропорттун жаңы терминалынын ачылышына катышты. Талас аймагынын өзгөчө табигый кооздугу жана тарыхый-маданий баалуулуктары бар. Аба транспорту аймакты ички жана тышкы туризм үчүн ыңгайлуу кылып, туристтердин агымын көбөйтөт деген үмүт бар.
Ысык-Көлдөгү аэропорттун модернизациясы да аба транспортуна жаңы дем берип, туристтик мезгилдерде каттамдардын санын көбөйтүүгө шарт түздү. Президент өз сөзүндө:
“Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң популярдуу туристтик аймак. Аэропорттун жаңыланышы менен бул кооздукка келүү оңой болуп, туризмдин өнүгүшүнө чоң салым болот. Бул — аймактын жана өлкөнүн экономикасын жандандыруунун бир бөлүгү” — деп белгиледи.

Жалал-Абадда чоң эл аралык аэропорт курулуп жатат.
Кыргызстан авиация тармагын модернизациялоону тек гана ички каттамдар менен чектебей, эл аралык байланыштарга да басым жасоодо.
• Евробиримдик менен “кара тизмеден” чыгуу иштери соңку баскычта. Бул Кыргызстандын аэропортторуна европалык авиакомпаниялардын каттамдарын кайра тартууга жол ачат.
• Жалал-Абадда 4E категориясындагы жаңы эл аралык аэропорт курулууда. Бул жерде Boeing 767, Airbus A330 сыяктуу чоң учактар коно алат.

“Асман Эйрлайнс” улуттук авиакомпаниянын түптөлүшү
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы “Кыргызстан аэропорттору” ААК тарабынан өз каражатына үч Bombardier Dash 8 Q400 учагын сатып алды. Бул эгемендүү Кыргызстандын алгачкы ирет өз каражаты менен учак сатып алган мисалы.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, кийинки жылы дагы бир Dash 8 Q400 жана эл аралык каттамдар үчүн Boeing же Airbus үлгүсүндөгү чоң учак сатып алынат.
Ошондой эле мамлекет башчы атап өткөндөй, аэропорттордун жанданышы:
• Тоолуу региондордун транспорттук кыйынчылыгын чечет
• Экономикалык обочолукту жойот
• Соода, туризм жана инвестиция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт
• Кыргызстандын транзиттик ролун бекемдейт
Аба каттамдарынын жанданышы туризмге жол ачат

Аба каттамдарынын кайра жанданышы Кыргызстандагы туризм тармагына чоң дем берди. Чет элдик туристтер үчүн жеткиликтүүлүк жогорулап, Ысык-Көл, Суусамыр, Алай сыяктуу табигый зоналарга агым көбөйдү. Ошондой эле ички туристтер да жеңил жол менен саякатка чыгып калышты.
Кыргызстан үчүн авиация тармагы — бул стратегиялык багыт. Жаңы аэропорттордун ачылышы жана каттамдардын жанданышы өлкөнүн ички жана эл аралык байланышын бекемдеп, аймактар аралык тең салмактуу өнүгүүгө жол ачууда. Кыргызстандын тоолорун эми асмандан ашып өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги.