Жуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлдуАймактардагы облустар жана райондор 20 округга алмаштырылат – Садыр ЖапаровЭми дыйкандар чалуу аркылуу кеңеш ала алышат. Айыл чарба министрлигинин байланыш борбору ишке кирдиКыргызстанда фермерлердин жеңилдетилген насыя алуусу үчүн электрондук кезек ишке киргизилдиЧыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөтЖК төрагасы тажик спортчуларын Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды
Эки жарым жылда бүтөт. Ошто заманбап перинаталдык борбор курулат
12.09.2025 | 16:36

Ош шаарында 150 орундуу заманбап перинаталдык борбордун курулушу башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Курулушту кытайлык China Road компаниясы жүргүзүп, объект 2,5 жыл ичинде Ош облустук бириккен клиникалык оорукананын аймагында пайдаланууга берилет.
Жаңы борбордо:
- 60 орун — төрөттөн кийинки аялдар үчүн,
- 38 орун — кош бойлуулук патологиясы үчүн,
- 7 орун — чоңдордун реанимациясы үчүн,
- 5 орун — калыбына келтирүү үчүн,
- 28 орун — жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы үчүн,
- 16 орун — «Эне жана бала» системасы боюнча орундар каралган.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул борбор аймактагы акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жакшыртып, ооруканадагы жүктү азайтат жана бейтаптарды маршрутизациялоо системасын бекемдейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом