Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Эки жарым жылда бүтөт. Ошто заманбап перинаталдык борбор курулат
12.09.2025 | 16:36

Ош шаарында 150 орундуу заманбап перинаталдык борбордун курулушу башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Курулушту кытайлык China Road компаниясы жүргүзүп, объект 2,5 жыл ичинде Ош облустук бириккен клиникалык оорукананын аймагында пайдаланууга берилет.
Жаңы борбордо:
- 60 орун — төрөттөн кийинки аялдар үчүн,
- 38 орун — кош бойлуулук патологиясы үчүн,
- 7 орун — чоңдордун реанимациясы үчүн,
- 5 орун — калыбына келтирүү үчүн,
- 28 орун — жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы үчүн,
- 16 орун — «Эне жана бала» системасы боюнча орундар каралган.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул борбор аймактагы акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жакшыртып, ооруканадагы жүктү азайтат жана бейтаптарды маршрутизациялоо системасын бекемдейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом