Адылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан V менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады

15.09.2025 | 14:00

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген ханзаада Рахим Ага Хан V менен жолугушту.

Минкаб кабарлагандай, жолугушууда билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана социалдык өнүктүрүү тармактарындагы кызматташууну талкууланды. Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан Vди жылуу кабыл алып, ага өлкө президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирди.

Министр Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салымын, өзгөчө экономиканын ар кандай тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү маанилүү долбоорлорду белгиледи. Ал Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин ишмердүүлүгүнө да токтолуп, анын сапаттуу билим берүү жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Өз кезегинде ханзаада Рахим Ага Хан V жылуу кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгына арналган жаңы почта маркасын мөөр басуу аземи да өттү. Тараптар кыргыз-уюм кызматташтыгына канааттангандыгын билдиришип, мындан ары өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.

Scroll to Top