Бишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады
Бишкекте айдоочу 5 жаштагы баланы унаанын арты менен сүзгөндөн кийин качып кеткен
15.09.2025 | 14:29
Бишкектин «Кызыл-Аскер» конушунда белгисиз айдоочу автоунаасынын арткы тарабы менен 5 жаштагы баланы сүзүп, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.
Окуя байкоо камерасына түшүп калган. Кадрдан унаа артка жүрүп баратып, баланы сүзгөнүн көрүүгө болот. Андан кийин бала кулаган ордунан туруп, ал эми автоунаанын айдоочусу кетип калган. Бул окуя 13-сентябрь, шейшемби күнү, саат 18:10дор чамасында болгон.
Милициянын Кайгуул кызматы Reporter.kgге билдиргендей, баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Учурда KIA үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун издөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар