Жапаров: Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерге тилектештигин билдирет

15.09.2025 | 14:35

Президент Садыр Жапаров Ислам академиясынын ачылышында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга комментарий берди.

«Бүгүн Доха шаарында шаарга жасалган акыркы ракеталык соккуга жана Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу араб мамлекеттеринин чукул саммити өтүп жатат. Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерине тилектештигин билдирет», – деди ал.

Президенттин айтымында, Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келүүчү ар кандай аракеттер кабыл алынгыс экенин белгилейт.

Scroll to Top