Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Токмокто дүкөндөрдү тоноп жүргөн жигиттер кармалды
15.09.2025 | 15:27

Токмок шаарында дүкөндөргө кирип, уурулук кылып жүргөн деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардык милицияга бир нече дүкөндүн ээлери кайрылып, белгисиз адамдар дүкөндөрдүн эшигин бузуп кирип, спирт ичимдиктерин жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендигин билдирип, чара көрүүнү суранышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 19 жаштардагы А.А. жана Б.М., ошондой эле 18 жаштагы Л.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилишкен.
Тергөөдө аталган шектүүлөр 5 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталып, тиешелүү далилдер алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар